super.kg logo

"Колундагы гүлүн учуруп кетти". Бейруттагы жарылуу үлпөт тойдогу колуктунун видеосуна тартылып калган

 

Ливандын борбору Бейрут шаарында турмушка чыгып жаткан кыз видео жана сүрөткө түшүп жатканда жарылуу орун алган. Бул тууралуу видео интернет желесине тарады.

Үйлөнүү үлпөт тоюн сүрөткө жана видеого тартып жаткан фотограф Себлани Махмуд Накиб тарткан кадрлар өзгөчө учурду эң жаман учурга айландырган. Видеодо кыз үлпөт тою өтүп жаткан жерден алыс эмес жерде жылмайып сүрөткө түшүп жатканын көрүүгө болот. Ошол учурда жарылуу болуп, кыздын гүлдестесин шамал учуруп кеткен жана фотограф имаратка жашынган.

4-августта Бейрут шаарында катуу жарылуу болгон. Акыркы маалыматтар боюнча, кырсыктан каза болгондордун саны 135ке жетип, 5 миңге чукул адам жаракат алышкан.
Бул жарылуудан кийин Бейрут шаарына эки аптага өзгөчө абал режимин киргизүү чечими кабыл алынган.






Ливанда үлпөт тою өтүп жаткан кыз видеого түшүп жатканда жарылуу орун алган

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
06.08.2020. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
тооба кылдым катуу болуптур
06.08.2020. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактасын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: