super.kg logo

"Атып алып сүрөткө түшкөн". Жалал-Абадда кызыл китепке кирген Ак кунастарды атты делген жаран кармалды

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Кызыл китепке киргизилип коргоого алынган "Ак кунастарды" аткан делген жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 30-июль күнү саат 14:30 чамасында Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагында орун алган. Айылдын 1997-жылы туулган Э.Э. аттуу тургуну өзүнө таандык сайсыз ок атуучу курал менен Кара-Дарыясынын жээгинде учуп бара жаткан, кызыл китепке киргизилип, коргоого алынган, атууга тыюу салынган 3 даана "Ак кунасты" (белый аист) атып, сүрөткө түшкөндүгү такталган. Кийин бир тууган иниси 2000-жылы туулган Э.Ж. атылган канаттууларды кармап, өзүнүн уюлдук кол телефонуна сүрөткө түшүп, социалдык тармакка чыгарып жиберген.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар 5-август күнү Сузак РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 144-берененин негизинде "жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу" катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Аталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, схемалары жана фото таблицалары түзүлгөн. Ошондой эле Э.Э. ак кунастарды аткан сайсыз ок атуучу куралына акт түзүп алынып, соттук-баллистикалык экспертиза дайындалган.

Учурда жогорудагы сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
06.08.2020. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул баягы Нур го.
06.08.2020. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сүрөткө түшпөсө билинмек эмес да э
06.08.2020. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ак кунасты атып алып көчүгүңө тумар кылып тыгып алайын дедиңби .
07.08.2020. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне акчасы жок бекен? Негедир тез реакция болуптур..
09.08.2020. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кунас дебей Илек Илек дечу элего кыргыз,адабий тилинде
10.08.2020. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бундан сырт толтура эле Кызыл кирепке киргендерди атып эде журушот ,бул дагы эмне болуп кетти билбейм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: