super.kg logo

"Рентген-аппараттар боюнча маселе жетиштүү иштелип чыккан эмес". Өкмөт башчы Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилигинин ишин сындады

 

Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын жүрүшүндө Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана уюмдарында медициналык жабдуулардын, керектелүүчү материалдардын, дары-дармектердин жана жеке коргонуучу каражаттардын бар экени жана муктаждыктар тууралуу жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча маалыматтар айтылды.

Премьер-министр Кубатбек Боронов рентген-аппараттарын сатып алуу маселеси жетиштүү деңгээлде иштелип чыкпаганы үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилигинин ишин сынга алды.

Өкмөт башчы жогоруда айтылган маселени ыкчам тартипте чечип, сатып алуу процессин тездетүүнү тапшырды.

Тармактык мамлекеттик органдарга, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди. Анын ичинде баштапкы медициналык-санитардык жардам чөйрөсүндө адистердин дараметин көтөрүү, медициналык мекемелерде санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоону катуу көзөмөлдөө, ошондой эле үймө-үй кыдыруу иш чарасын күчөтүү тапшырмалары бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: