super.kg logo

Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсү кеңейтилип, IP-камералар орнотулат

 

Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсү кеңейтилип, IP-камералары орнотулат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык бүгүн, 6-августта Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Рыспай Абдыкадыров көчөсүн жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана кеңейтүү курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып чыккан.

"Аталган көчө жергиликтүү бюджеттин эсебинен реконструкцияланууда. Жол четиндеги убактылуу пайдалануудагы жана мыйзамсыз курулуштар алып салынган. Жалпы узундугу 715 метр жол оңдолуп, 1 миң 430 метр тротуар кеңейтилет.

Түнкү жарыктандыруу системи жакшыртылып, IP-камералары орнотулат. Иригациялык лотоктор жаңыланып, көчөнүн эки тарабына дарак, гүлдөр отургузулуп көрктөндүрүлөт. Мындан тышкары отургучтар, таштанды ташчоочу урналар орнотулуп, атайын автоунаа токтотуучу жайлар да каралган", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: