super.kg logo

Кыргыз-Тажик чек арасында эки тараптуу сүйлөшүү жүрүүдө. Анда Тажикстандын жараны каза болду деген маалымат такталып жатат

 

Кыргыз өлкөсүнүн түштүгүндө өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, Баткен облусу боюнча чек ара өкүлү жана Тажикстандын Исфара багытындагы өкүлү, ошондой эле тараптардын укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуу өтүп жатат.

Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын жүрүшүндө Кыргыз өлкөсүнүн Мамлекеттик чек ара аскер кызматы менен болгон чыр-чатактын себептери такталууда. Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тажик тараптын чек ара аскерлеринин аскер кызматкери жаракат алып, дагы бир жараны ок атуудан каза болгон деген маалыматтын версиясы такталууда.

"Ошол эле учурда кыргыз тарап бир тараптуу түрдө Баткен облусунун, Баткен районундагы Чыр-Дөбө чек ара аймагында текшерүүнү баштады. Укук коргоо органдары окуяны тастыктоо үчүн тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат", - деп айтылат мекеменин маалыматында.

Мамлекеттик чек ара кызматы азыркы тапта Кыргыз-Тажик чек арасында абал туруктуу деп билдирип жатат.

Эскерте кетсек бүгүн, 6-августта эртең менен чек арада жаңжал чыгып, натыйжада Кыргыз өлкөсүнүн бир жоокери жаракат алган. Ал эми Тажикстандын маалымат булактары чырдан бир жараны каза болгонун жазып чыккан. Ал эми Кыргыз тарап бул маалыматтын чын бышыгы эки тараптын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында анык болорун айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: