Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Кошой Исалиев 63 жашында пневмониядан каза болду
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Исалиев Кошой Овосбекович 63 жаш курагында эки тараптуу пневмониядан каза болду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кошой Исалиев статистика органдарында эмгек жолун 1999-жылы Чүй-Токмок мамлекеттик статистиканын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси катары баштаган. Ал 1999-жылы өткөн Биринчи улуттук эл каттоо, 2009-жылкы эл жана турак жай каттоо сыяктуу масштабдуу иш-чараларды жетектеген, ошондой эле 2002-2003-жылдары жүргүзүлгөн Биринчи айыл чарбалык каттоонун башында туруп, анын жыйынтыгында Чүй-Токмок мамлекеттик статистиканын аймактык бөлүмү республика боюнча биринчи орунду алган.
2013-жылы Кошой Овосбекович Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Башкы эсептөө борборунун башчысы болуп дайындалса, 2014-жылы – мамлекеттик статистиканын Бишкек шаардык башкармалыгын жетектеген.
2019-жылдын февраль айында Кошой Исалиев Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Ал өлкө аймагында 2020-жылы белгиленген эл жана турак жай каттоо тармагын көзөмөлдөп, даярдык иштерине чоң салымын кошкон.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталары менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын статистика тармагынын отличниги.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Кошой Овосбековичтин мзгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
