super.kg logo

Тарых музейи боюнча соттук иш: Сапар Исаков соттон жактоочусу менен кезиктирүүнү суранды

 

Бишкек шаардык соту Тарых музейин оңдоо жана Чолпон-Атадагы ат майданды жаңылоо боюнча кылмыш ишин кароону улантууда. Ишти Бишкек шаардык соту Исаковдун жактоочусунун даттанган арызынын негизинде карап жатат.

Бүгүн, 6-июлда процесс онлайн режиминде өтүп, экс-премьер-министр сотко онлайн түрүндө абактан видео байланыш аркылуу катышты. Бирок ооруга байланыштуу анын адвокаты Бакытбек Автандил уулу сот отурумуна катышкан жок.

Сапар Исаков сот кесиптешинен жактоочусун аны менен колонияда жолугушуусуна уруксат берүүсүн өтүндү.

"Менин бирден-бир өтүнүчүм жактоочуларымдын мага келип, ишти талкуулоосуна уруксат берүү. Алар менен кеңешүү керек", - деди мурдагы премьер-министр.

Соттор белгилегендей, эч ким жактоочуларды өздөрү жактап жаткан адамдарына жолугуусуна тыюу салбайт. Балким, алар коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам жолуга албай калышы мүмкүн. Аны колония жетекчилиги чечет.

Ал эми кечээ, 5-августта жактоочулар СИЗОдогу өздөрү коргоп жаткан айыпталуучуларга кирип, жолуга албай жатышканын жактоочу Замир Жоошев SUPER.KG порталына билдирген.

Эске салсак 9-июнда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Тарых музейин оңдоп-түзөө жана Чолпон-Атадагы ат майданды жаңылоо боюнча сот чечим чыгарган. Анда "коррупция" беренеси боюнча айыпталып жаткан мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков 18 жылга эркинен ажыратылган.

Мындан тышкары ага мамлекетке 247 миллион 650 миң 281 сом өлчөмүндөгү каражат төлөп берүүсү милдеттендирилген.

Окуянын чоо-жайы:

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Тарых музейин оӊдоодо 101 миллион 600 миң сом, ат майданды оӊдоодо 145 миллион 900 миң сом зыян келтирилгени аныкталган. Бул эки кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилип, алар боюнча курулушка тиешеси бар 6 аткаминерге айып тагылган.

Алар:

  • Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков;

  • Президенттик аппараттын жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат боюнча мурдагы бөлүм башчысы Мира Карыбаева;

  • Мамлекеттик курулуштун башчысынын мурдагы орун басары Алмазбек Абдыкаров;

  • Турак жай жарандык курулуш департаментинин мурдагы башчысы Шайбек Атамбеков;

  • Шайбек Атамбековдун орун басары Улукбек Матисаков;

  • "СМУ-3" курулуш компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Айдарбек Мендеев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: