super.kg logo

Жаңы окуу жылына телесабактар тартылып жатат

 

Билим берүү жана илим министрлиги 2020-2021-окуу жылы үчүн телесабактарды тартууну улантууда. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, видеосабактарды тартууда IV чейректе кетирилген айрым кемчиликтер эске алынып, сабактын сапатына көңүл бурулуп жатат. Ар бир предмет боюнча бирден усулчу дайындалып, сабак тартылганга чейин даярдалган сабактын иштелмелери текшерилип, тартылып жаткан учурда да бекитилген усулчу тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

Телесабактарды өтүү үчүн конкурстук негизде 260 мугалим тандап алынган. Алар бир нече кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү жана окуучулары республикалык олимпиадада жеңишке жетишкен чыгармачыл мугалимдер. Телесабакка тартылуучу мугалимдер атайын даярдыктан, тренингден өткөрүлгөн.

Тартылган видеолор атайын серверге, Билим берүү министрлигинин oku.edu.gov.kg/ порталына жайгаштырылып, 1-сентябрдан тарта телеканалардан эфирге берилет.

Телесабактар бир жылга пландаштырылып, жалпы көлөмү 7276 саатты (видео сабакты) түзөт. Ал пандемия бүтүп, салттуу режимде окуу процесси уюштурулган учурда да кошумча билим берүү ресурсу катары пайдаланылат.

Видеосабактарды тартуу иштери Бишкек жана Ош шаарларында жүрүп, КТРдин “Баластан” студиясында, ЭлТР, “Ынтымак” телеканалдарынын, Мегакомдун, Кувейт университетинин, Кыргыз-Түрк Манас университетинин, КМТУнун, АУЦАнын студияларында ЮНИСЕФ, ЮСАИД, Азия өнүктүрүү банкы, Массалык маалыматтарды колдоо борбору, Сорос фондунун жардамы менен аткарылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.08.2020. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Түшүнүктүүрөк кылышсын эми.Өткөндөгүсү аябай начар болду эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: