super.kg logo

Баткенде бир ай ичинде 90 орундуу оорукананын имаратын бүткөрүү аракеттери көрүлүүдө

 

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан жугуштуу оорулар ооруканасынын имаратынан кабар алды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук администрациядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Жаркынбек Максутов курулушчуларга оорукананын курулушун убагында бүткөрүү менен анын сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Баткен шаарында мурдагы облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имаратын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, жугуштуу оорулар ооруканасына ыңгайлаштыруу иштери кызуу жүрүп жатат. Оорукана 90 орунга ылайыкташат.

Имаратты оңдоп-түзөөгө мамлекет тарабынан 12 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Курулуш иштерин бир айлык мөөнөттө аяктоо пландаштырылган. Учурда 35 жумушчу иштеп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: