super.kg logo

Индияда каза болду делген кыз эки аптадан кийин тирүү кайтып келди

 

Индиянын Газиабад шаарында каза болду делген кыз эки аптадан соң үйүнө аман-эсен кайтып келген. Бул тууралуу индиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Ага ылайык, Индиянын Газиабад шаарында 27-июлда полиция кызматкерлери тарабынан чемодандын ичинен белгисиз кыздын жиликтенген жансыз денеси табылган. Маркумдун өздүгүн аныктоо үчүн полиция кызматы анын сүрөтүн социалдык тармактарга жайгаштырган. Көп өтпөй Алигарх шаарынын тургуну жансыз дене 24 жаштагы кызы Варишага таандык экендигин айтып, полицияга кайрылган. Жансыз дене апасына өткөрүп берилип, акыркы сапарга узатуу зыйнаты да өткөрүлгөн.

Окуядан 2 апта өткөн соң каза болду делген Вариша полицияга кайрылган. Айтымында, ага карата күйөөсү жана кайын журту тарабынан тынымсыз зомбулук көрсөтүлгөндүктөн, үйдөн качып кеткен. Буга чейин анын күйөөсү жана зомбулук көрсөтүүгө шектелген туугандары "киши өлтүрүү" беренеси менен камакка алынган болчу. Вариши аман-эсен кайтып келгендиктен, алардан "киши өлтүрүү" беренеси алынып, үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча териштирүү иши башталды. Ал эми жиликтенип чемоданга салынган маркумдун ким экендигин аныктоо иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(4)
06.08.2020. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акыркы убактарда олду эле тируу экен дегендер кобоюп кетпедиби
07.08.2020. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Болду эми киного сценарий даяр. Быжырап кинолор чыгат экен да.
07.08.2020. 07:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу жөнүндө кино чыга баштайбы??
07.08.2020. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Индия жон журбойт экен да,постоянно шок кылат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: