Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму: "6 вакцина потенциалдуу вакцина катары клиникалык сыноодон өтүп жатат"
Бүгүнкү күндө коронавируска каршы 200дөн ашуун вакцина иштелип жатат. Анын ичинен 6 вакцина потенциалдуу вакцина катары клиникалык сыноодон өтүп жатат.
Мындай маалыматты Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун директору Тедрос Аданом Гебреисус АКШнын Аспен шаарында өткөн онлайн-талкууда билдирген. "Бизде 200дөн ашуун вакцина коронавируска каршы күрөшүү үчүн иштелип жатат. Алардын ичинен 6 вакцина жакшы жыйынтык көрсөтүп, клиникалык сыноодон өтүп жатат", - деген ал.
Ошондой эле ал вакцина бардыгына жеткиликтүү болуусун камсыздоого көңүл буруу зарылчылыгын кошумчалаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-06-27

17:35
2025-06-27
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.