super.kg logo
  Саясат  

Владимир Путин: "Бишкекте ири иш-чара ШКУнун саммитинин өтүшү Кыргызстандын аброю өскөнүн билдирет"

 
Кыргызстан менен Орусиянын президенттери 13-сентябрда ШКУнун саммитинен кийин жолугушту
Путин: ШКУнун саммити жогорку деңгээлде өттү

Президент Алмазбек Атамбаев менен Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 13-сентябрда ШКУнун саммитинен кийин жолугушту. Жолугушуу "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өттү. "Мен дайыма айтып келем, Кыргызстан биздин мекенибиз. Ата-тегибиз Алтай, Эне-Сай крайы болгондуктан, бизге Орусия жакын. Сиздин келгениңизге кубанычтабыз. Сиздин Кыргызстанга жылына эки жолу келишиңизди кыргыз эли колдойт. Орусия биздин стратегиялык өнөктөшүбүз, Кудайга шүгүр, бул жаатта тандалган багыт боюнча бара жатабыз",- деди президент. Ал эми Орусия президенти бул жолугушуунун маанилүүлүгүн белгилеп, "ШКУ саммитинде иштөөгө шарт түзүп бергендигиңиз үчүн сизге ыразычылык билдирем. Сиздин жетектөөңүздө мындай ири иш-чараны өткөрүү Кыргызстандын, анын ичинде жеке сиздин кадыр-баркыңыздын өсүп жатканынан кабар берет. Саммит уюшкандыкта өттү, биз маанилүү документтерге кол койдук. Бул документтер Кыргызстан үчүн да сөзсүз пайдалуу",- деди Путин.  

  

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: