super.kg logo

Актриса Кэмерон Диаз кино тармагынан кетишинин себебин түшүндүрдү

 

Актриса Кэмерон Диаз маалымат каражаттарына берген маегинде кино тармагынан эмне үчүн кеткен себебин ачыктады. Актрисанын айтымында, өз өмүрүн башка адамдарга арнаганы ага жакпай калган. Мындан улам ал өзүнө убакыт арнап, бул тармактан биротоло кетүүнү чечкен.

"Кино тартуу талаасында сен бир нече апта, күн, айлап тартуучу топ менен иштейсиң. Бул убакыт аралыгында сен өзүңө эч кандай убакыт бөлө албайсың. Көп жылдык тажрыйбамда мен өз жашоомду башкаларга башкартып койгонумду түшүндүм. Анан гана ушул жыйынтыкка келип, өз жашоом үчүн жоопкерчиликти моюнума алдым", - деп билдирген актриса.

Ал кино тартуу учурунда актёрлорго жаш баладай аяр мамиле жасаларын да кошумчалаган.

"Алар сен үчүн бардыгын жасашат, сага кам көрүшөт. Бирок бул мамилелерден мен өзүмдү эч качан ыңгайлуу сезген эмесмин", - деген ал.

47 жаштагы Кэмерон Диаз "Маска", "Менин гвардиячы периштем", "Нью-Йорктун кескилери", "Каникулда" жана башка бир нече фильмдерде роль жараткан. Актриса акыркы жолу тасмага 2014-жылы тартылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.08.2020. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көпчүлүгү бул актрисаны жөргөмүш адам (человек паук) деген кинодон тааныса керек!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: