super.kg logo

Министрлик: "Айылдарда чет тил, химия жана физика предметтеринен мугалимдер жетишпейт"

 

2020-2021-окуу жылына карата Кыргыз өлкөсүнүн мектептеринде мугалимдер жетиштүү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиев билдирди.

Айтымында, өлкө аймагында 2 миң мугалим жетишпейт деген маалымат туура эмес.

"Бүгүндөн баштап бюджеттик негизде окууну аяктаган бүтүрүүчүлөр аймактарга жиберилип жатат. Ага карабай, райондордо канча кесип ээлери жетпейт аны дагы тактап жатабыз. Бул боюнча 14-августта өкмөттүн отуруму болот. 2020-2021-окуу жылына даярдык боюнча ошондо биз дагы тактап айтабыз. Бирок чынында бизде жетишпеген мугалим жок.

Айта кетчү жагдай, алыскы айылдарда чет тил, химия жана физика предметтеринен мугалимдер жетишпейт. Ал эми буга чейин маалымат каражаттарында чыгып жүргөн 2 миң мугалим жетишпейт деген маалымат так эмес. Ал эми жалпы канча мугалим жетишпегени сентябрга чейин так айтылат. Былтыркы окуу жылында 500дөй мугалим жетишпейт болчу", - деди Усеналиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: