Коронавирус илдети менен күрөшүп жаткан дарыгерлердин саны айтылды
Саламаттыкты сактоо министрлигинин элеткрондук саламаттыкты сактоо борборунун статистикасы боюнча, учурда иштеп жаткан медкызматкерлердин саны айтылды. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин адам ресурстары жана уюштуруу иштери башкармалыгынын башчысы Айгүл Бообекова.
Дарыгерлер – 7 миң 326 (53 пайызды түзөт);
Орто медперсонал – 16 миң 407 (40 пайызды түзөт);
Кенже медперсонал – 5 миң 771 (46пайызды түзөт);
Алардын ичинде тобокелдик тобундагылар 10-14 пайызды түзөт, 10-12 пайызы сыркоого байланыштуу, эмгек өргүүдө, бала багууда жана башкалар.
«Мындан сырткары республиканын алыскы региондорун медициналык кадрлар менен камсыздоо үчүн Медициналык академиянын ординатурасын бүтүргөн 169 адамды бөлүштүрдү. 175 адиске "Дарыгердин депозити" программасынын негизинде кварталда бир жолу финансы каражаттары төлөнүп берилет. Бишкек медициналык колледжин бүтүргөн 70 адис Бишкек шаарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына бөлүштүрүлгөн”, - деп билдирди Бообекова.
