super.kg logo

Балдарды мектепке даярдоо класстарында окутуу салттуу түрдө өткөрүлөт

 

Балдарды мектепке даярдоо класстарында окутуу салттуу түрдө өткөрүлүшү мүмкүн.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, менчигинин түрүнө, тибине карабастан балдарды мектепке даярдоо класстары салттуу түрдѳ да, дистанттык окутуу тартибинде да ѳткѳрүлүшү мүмкүн.

"Аймактардагы эпидемиологиялык кырдаалга карап, балдардын жана мугалимдердин ден соолугуна, ѳмүрүнѳ коркунуч келтирбеген шартта, аймактык Санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ борборлорунун корутундусу менен мектептин ийкемдүү жүгүртмөсүнө ылайык, балдарды мектепке даярдоо класстарында окутуу салттуу түрдѳ ѳткѳрүлүшү мүмкүн.

Аймактардагы эпидемиологиялык кырдаалга карап, "Наристе" балдарды мектепке даярдоо программасынын негизинде даярдалып жаткан видео сабактарды көрүү жана кайтарым байланыш уюштуруу аркылуу дистанттык окутуу жүргүзүлүшү мүмкүн", - деп айтылат мекеменин маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: