Пандемиядан алган сабак. Медакадемия студенттерге бюджеттик орундарды көбөйттү
Саламаттыкты сактоо системинин айрым адистиктер боюнча жаралган чоң суроо-талап боюнча Кыргыз мамлекеттик медициналык академиядан бюджеттик орундар бөлүндү.
Маалыматка ылайык, Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругу менен Кыргыз мамлекеттик академиясынан төмөнкү адистиктер боюнча орундар бөлүндү. Алар:
"Дарылоо иши" - 210 орун;
"Медициналык – профилактикалык иши" - 60 (20 орунга көбөйгөн);
"Педиатрия" - 40;
"Медайымдык иш" - 10 орун.
Ош мамлекеттик университети үчүн 80 бюджеттик орун бөлүндү:
"Дарылоо иши" - 40 орун;
"Медициналык – профилактикалык иши" - 20;
"Педиатрия" - 15 орун.
Ординатура боюнча бюджеттик орундар:
"Эпидемиология" - 30 орун;
"Инфекциялык оорулар" - 22 орун;
"Микробиология" - 30 орун;
"Реаниматология" - 26 орун.
Ошондой эле 2020-2021-окуу жылына ординатурада кошумча 250 бюджеттик орун бөлүү боюнча маселе каралууда.
2020-2021-окуу жылына бюджеттик орундар төмөнкү адистиктер боюнча да көбөйдү:
"Пульмонология" - 35 орун;
"Тез медициналык жардам" - 12 орун;
"Клиникалык лабораториялык диагностика" - 20 орун.


1 |