Өлкөгө медициналык каражаттарды ташып келүү боюнча алгоритм иштелип чыкты
Жеке жана юридикалык жактын медициналык мекемелерге жана калкка кайтарымсыз жардам көрсөтүү максатында медициналык каражаттарды жана жабдууларды өлкөгө ташып келүүсү боюнча алгоритм иштелип чыкты.
Экономика министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Мамлекеттик бажы кызматы жана Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте үчүнчү мамлекеттерден жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз өлкөсүнүн аймагына алып келинген медициналык буюмдарды жана жабдууларды каттоо боюнча баскычтуу алгоритм иштелип чыкты.
Көрсөтүлгөн алгоритмде ЕАЭБинин Бажы кодексинин 253-беренесине ылайык, атайын бажы жол-жобосу боюнча медициналык багыттагы буюмдарды жана жабдууларды (өпкөнү жасалма дем алдырган аппараттар, пульсоксиметрлер, кычкылтек концентраторлору, жеке коргоо каражаттары) ташып келүү боюнча каралган.
Иштеп чыккан тартипке ылайык медициналык каражаттарга жана жабдууларга бажы төлөмү алынбайт жана кошумча нарк салыгы салынбайт.
Белгилей кетсек жеке жана юридикалык жактардын медициналык мекемелерге жана калкка кайтарымсыз жардам көрсөтүү максатында медициналык каражаттарды жана жабдууларды өлкөгө ташып келүүсү боюнча алгоритм өзгөчө кырдаалдар режими маалында күчүндө болот.
