super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш: Кыргызстанда ундарды витаминдештирүү маселеси каралууда

 
13-сентябрда парламенттин Социалдык саясат боюнча комитети "Унду байытуу маселеси боюнча мыйзам долбоорлорун талкуулоо үчүн тегерек стол өткөрдү.Мыйзам долбоорунун демилгечиси Дамира Ниязалиева. Депутаттын айтымында, витаминдер, минералдар менен байытылбаган унду колдонбосо, бардык эле жарандардын витаминдерге бай деген банан сыяктуу жашылча-жемиштерди сатып алууга дайым эле мүмкүнчүлүктөрү жок. "Ошондуктан туруктуу колдонулган ун азыктарын зарыл витаминдер, минералдар менен байытуу – калк саламаттыгына көрүлгөн камкордук",- дейт Ниязалиева.

 

Эне-баланы коргоо улуттук борборунун директорунун илимий иштер боюнча орун басары Турсун Мамырбаеванын билдиришинче, өлкө аймагындагы 5 жашка чейинки балдардын 33 пайызы туура эмес тамактануудан жабыркашат. "Анын айынан балдардын бойлору кичирээк болуп, ашыкча салмактуулуккка көбүрөөк кабылып жатышат",- дейт Т.Мамырбаева.

 

Ун өндүрүүчү компаниялар деле унду керектүү витаминдер менен байытууну колдой тургандыгын билдиришүүдө. Мындай ойлорун алар "Унду байытуу" маселесин карай турган парламенттин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында да далилдеп беришерин билдиришти.

 

Бул маселе Жогорку Кеңештин кийинки жыйындарында карала турган болду. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: