super.kg logo
  Спорт  

Орусияда Кыргыз өлкөсүнүн атынан Азия чемпиону болгон балбан атып өлтүрүлдү

 

Орусиянын Ингушетия Республикасынын Назран районундагы антитеррордук операция учурунда эркин күрөш боюнча Кыргыз өлкөсүнүн атынан Азия чемпиону болгон 25 жаштагы Муслим Евлоев атып өлтүрүлдү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 7-августка караган түнү болгон. Анда Муслим Евлоевдин үйүнө коопсуздук күчтөрү террордук кылмыштарды жасоого ниеттенген куралчан адамдар бар болушу мүмкүн деп келишкен. Жыйынтыгында атышуу болуп, Евлоев өлтүрүлгөн.

Муслим Евлоев эл аралык даражадагы спорт чебери эле. Ал күрөш боюнча Кыргыз улуттук курамасынын катарына 2015-жылы кошулган. Бул убакыт аралыгында ал Баку шаарында өткөн Ислам тилектештик оюндарында жана Стамбул шаарында өткөн "Яшор Догу" эл аралык турниринде жеңишке жеткен. Евлоев 2017-жылы Индияда өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатында күмүш медалга жана 2018-жылы Бишкекте өткөн Азия чемпионатында алтын медалга ээ болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
07.08.2020. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо террористтер менен байланышы бар бекен?
07.08.2020. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aimani,Саламатсызбы? Азырынча белгисиз.
07.08.2020. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаман иш болуптур
08.08.2020. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Спортсмендер озу кичине эле аты корунуп калса криминалга аралаша кетишет кобунчосу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: