super.kg logo

Өлкөдө авариялык абалда турган мектептердин саны айтылды

 

“Республика боюнча 2019-жылы өкмөт тарабынан түзүлгөн комиссия авариялык мектептер катары тааныган 245 мектептин тизмеси түзүлгөн. Анын ичинен 117 мектеп авариялык абалда турат жана эч бир тизмеге киргизилген эмес. Калган мектептердин курулуш жана долборлоо иштерин каржылоо республикалык бюджеттин, башка фонддордун жана Бишкек менен Ош мэриясы тарабынан жүргүзүлүүдө”, - деп билдирди Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Урматбек Кокочаров.

Анын айтымында, 2020-жылы бекитилген тизме боюнча республикалык бюджеттен 29 авариялык абалдагы мектептин курулушуна 353 миллион сом каралган. Ал эми 29 мектепти толук бүткөрүүгө 1475 миллион сом керектелет.

Бүгүнкү күндө курулуш иштери жүрүүдө. Андан сырткары коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү депозиттик эсептен бөлүнгөн каражаттын эсебинен 15 мектептин кошумча корпустарынын курулушу жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: