super.kg logo

Бишкекте 2020-2021-жылынын күз-кыш мезгилине даярдыктар кандай? Мэрия жооп берет

 

Бишкекте 2020-2021-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча комплекстүү иштер улантылууда.

Маалыматка ылайык, социалдык өнүктүрүү башкармалыгы 3 миң 401 жакыр үй-бүлөгө көмүрдүн ордуна акчалай компенсация төлөп берет.

Жылдык колдоо үчүн шаардык бюджеттен 21 миллион 500 миң сом каралган. Акчалай компенсациянын өлчөмү бир үй-бүлөгө 1,5 тонна көмүр, ал 5 миң 700 сомду түзөт.

"Биз буга чейин төлөмдөрдү баштадык, август айынын башында жергиликтүү бюджеттен 19 миллион сом (88,1 пайыз) бөлүнүп, анын ичинен 777 үй-бүлөгө 10 миллион сомдон ашык суммада төлөнгөн", - деп айтылат маалыматта.

"Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасы 733 үй-бүлөнү 1100 метр куб отун менен камсыз кылат. Отун ала турган үй-бүлөлөрдүн тизмеси социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: