Бейрут шаарындагы жарылуудан каза болгондордун саны өсүүдө
Ливандын борбору Бейрут шаарындагы жарылуудан каза болгондордун саны өсүп жатат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Хамед Хасан билдирген.
Анын билдиришинче бүгүн, 7-августта жарылуудан жаракат алган дагы 5 адам каза болуп, жалпы каза болгондордун саны 154кө жеткен. Ооруканаларда өтө оор абалда 120 бейтап бар экендигин кошумчалаган.
Издөө жана куткаруу иштери жарылуу орун алган портто жана талкаланган райондордо улантылууда.
Ливандын премьер-министри Хассан Диябдын айтымында, жарылуу порттогу 6 жыл аралыгында 2 миң 750 тонна аммиак селитрасын талаптагыдай сактабагандыктан келип чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.