super.kg logo
  Саясат  

Жантөрө Сатыбалдиев "Кумтөр" боюнча меморандум аткарылбай калчу болсо жоопкерчиликти моюнга алам" дейт

 
Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев "Кумтөр" боюнча кыргыз өкмөтү менен канадалык компаниянын ортосунда кол коюлган меморандум аткарылбай калчу болсо толук жоопкерчиликти моюнга ала турганын айтты. Премьер-министр мындай пикирин бүгүн, 14-сентябрда КСДП фракциясынын жыйынында билдирди. "Кумтөр" саясий долбоор. Анын саясатын кыргыз тарап төрагалык кылган директорлор кеңеши аныктайт",- деди Сатыбалдиев. Айта кетсек, "Кумтөр" боюнча канадалык компания менен кыргыз өкмөтү биргелешкен ишкана түзүү тууралуу макулдашкан. Ага ылайык "Кумтөрдүн" кирешеси эки тарапка 50-50 пайыздан бөлүнөт. Мекеменин директорлор кеңешин кыргыз тараптын өкүлү башкара турган болду. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: