Бишкекке Москвадан 150 Кыргыз жараны кайтып келди
Бүгүн, 7-августта "Манас" эл аралык аэропортунда "Авиа Траффик Компани" авиакомпаниясынын Москва-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алышты. Бул каттам менен мекенине Орусиядан 150 Кыргыз жараны кайтып келди, анын ичинде жаш балдар да бар. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Бул каттам чет мамлекеттерден биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында президенттин жана өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн жетишилген Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашууларын жүзөгө ашыруу үчүн уюштурулган.
Учакта орундуктардын саны чектелүү жана мекенине кайтууну каалаган жарандар көп болгондуктан, аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн жана Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин кызматкерлеринен, өкмөттүн алдындагы Ички иштер министрлигинин жана Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия тарабынан түзүлгөн.
Комиссиялык тандоо гуманитардык критерийлер боюнча Кыргыз жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү. Каттамга Орусиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтүнүн мөөнөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары барлар, ошондой эле ыкчам түрдө мекенине кайтууга олуттуу себептери бар болгон жарандар: оор илдеттери бар жана буга чейин Орусияга хирургиялык операция жана башка медициналык процедураларды жасатууга келген жарандар, жакын туугандарынын өлүмүнө байланыштуу, кайтууга олуттуу себептери бар жана татаал турмуш кырдаалына кептелген жарандар кирди.


1 |