super.kg logo

"Ухан вирусу": Дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын жуктуруп алган адамдардын саны 19 миллион 296 миң 761ге жетти

 

Бүгүн, 8-августка карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 19 миллион 296 миң 761 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 11 миллион 681 миң 566 бейтап айыгып чыкса, 719 миң 830 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 4 миллион 940 миң 939 адамдан коронавирус аныкталды.161 миң 328 адам каза болсо, 1 миллион 623 миң 870 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 2 миллион 962 миң 442 адамдан аныкталды. 99 миң 572 адам каза болсо, 2 миллион 272 миң 299 бейтап айыкты.

Ал эми Индия өлкөсү үчүнчү орунда. Индияда 2 миллион 27 миң 74 адам вируска кабылган. 41 миң 585 бейтап көз жумса, 1 миллион 378 миң 105 бейтап оорудан сакайган.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: