super.kg logo

"Коронавирустан айыккан адамдын организминин калыбына келүүсү узакка созулат" дейт пульмонолог

 

Бүгүн, 8-августта онлайн брифингде пульмонолог Талантбек Сооронбаев коронавирустан айыккан адамдын организминин калыбына келүүсү узакка созула турганын айтты.

Анын айтымында, илдеттен айыккан бейтаптарда бир же андан көп белгилер эки айга чейин сакталышы мүмкүн.

"Мисалы; алсыздыгы, көкүрөк оорусу, баш оорусу жана башкалар. Бул симптомдор кайра вирус пайда болду дегендик эмес. Аны кайрадан дарылоого зарылчылык жок. Себеби организмдин калыбына келүүсү узакка созулат. Ал эми үйгө чыгарылгандан кийин дагы белгилери пайда болуп, адамдын ден соолугу начарласа, үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылуу керек. Анткени, бул башка оорунун белгилерин билдириши мүмкүн. Эгерде башка органдардын ооруларынын белгилери болсо: өпкө ооруу, жүрөк-кан-тамыр жана башкалар. Бул учурда үй-бүлөлүк дарыгерге, андан кийин түздөн-түз ооруну дарылаган профилдик адистерге кайрылуу керек. Ошондой эле өпкөдөгү тактар бир топ убакытка сакталат, андыктан бир айдан кийин компьютердик томография же рентген сүрөттөрүндө белгилери кала берет.

Ар бир бейтаптын реабилитациясы ар кандай өтөт. Дарыгер жазып берген сунуштарын так аткарыңыздар. Өз алдынча дарыланууга болбойт жана бекитилбеген, такталбаган кеңешмелерди колдонбогула", - деди Сооронбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
08.08.2020. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушул пульмонолог кучтуу деп ойлойм, биринчи пневмания башталганда ушул киши айткан азыр грипптин сезону эмес бул точно от короновируса деп
08.08.2020. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айланайын элдер ооруп айыккандар араңарда жашыңар,кабыргаңар ооругандар барбы дагы эле кээде демиккендер дегендей...
08.08.2020. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Россиядабыз 2айдан да ашып калды эн туура жазды негедир даарыланып толук айыгып кетсек дагы кээ бир симптомдор кетпей жатат, уйдогу эженин курук ич оорусу кетпей айласы кетип ичпеген даарысы калбады, буттарымын какшаганы тонуп жатат жайдын куну витаминдерди кальций магний, магний витаминдерди ичип жатам, бул вирус мурдагы ооруларды козгоп кучтонтуп жиберет экен негизи аябай курошуш оор экен, озунорду сактагыла, айла жооок болуп корбогондой жугуштуу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: