super.kg logo
  Спорт  

"Сенсациялык оюн. Эки мыкты машыктыруучунун сүйлөшүүсү". Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалындагы жооптук оюндун жыйынтыктары.

 
"Ювентус" - "Лион"
"Манчестер Сити" - "Реал Мадрид"
Зинедин Зидан жана Хосеп Гвардиола

Бүгүн, 8-август күнү түндө Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын жооптук оюндары болуп өттү. Анда турнирдин фаворити болгон эки команда турнирдеги жүрүшүн токтотту.

Италиянын "Ювентус" командасы өз үйүндө франциялык "Лион" командасын кабыл алды. Бул беттеш күйөрмандарсыз өтүп, (2:1) эсебинде үй ээлеринин жеңиши менен аяктады. Эки оюндун жыйынтыгы менен жалпы эсеп (2:2) болуп, "Лион" командасынын конокто киргизген бир голу команданы мелдештин чейрек финалына алып чыкты. Ал эми Криштиану Роналду баштаган "Ювентус" командасы бул турнирдеги жүрүшүн токтотту.

"Ювентус" - "Лион" (2:1).

Голдор: Мемфис Депай (12-мүнөттө), Криштиану Роналду (43-60-мүнөттөрдө).

Англиянын "Манчестер Сити" командасы өз үйүндө Чемпиондор Лигасынын дагы бир фаворит командаларынын бири болгон "Реал Мадрид" командасын кабыл алды. Оюнда англиялык команда демилгени колго алып, чабуул артынан чабуул уюштуруп жатышты. Оюн кызыктуу болуп, 2:1 эсебинде англиялык клубдун жеңиши менен аяктады. Эки оюндун жыйынтыгы менен жалпы эсеп 4:2 болуп "Манчестер Сити" командасы чейрек финалга жолдомо алса, "Реал Мадрид" командасы турнирдеги жүрүшүн токтотту.

"Манчестер Сити" - "Реал Мадрид" (2:1).

Голдор: Рахим Стерлинг (9-мүнөттө), Карим Бензема (28-мүнөттө), Габриэль Жезус 68-мүнөттө).

Оюндан кийин дүйнөнүн эки мыкты машыктыруучусу, тагыраагы Зинедин Зидан менен Хосеп Гвардиола стадиондо бир нече убакыт бою сүйлөшүп олтурушту. Эки машыктыруучунун эмне жөнүндө сүйлөшкөнү белгисиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
08.08.2020. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Реал Роналду Юве дегендер ит эле болдуго эми силер дем алгыла
08.08.2020. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Brilant-zhylan,утса утулса сага эмне
09.08.2020. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Реал мышык болуп калды ха-ха
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: