"Парламенттик шайлоого аттанууну чечтим". Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү кызматтан кете турганын жарыялады

"Мындан аркы саясий ишмердүүлүгүмдү бийликтин мыйзам чыгаруу бутагында улантууну туура көрүп, парламенттик шайлоого аттанууну чечтим. Жалпыңыздарга дагы бир ирет ыраазычылык билдирем! Элибизде тынчтык, ынтымак, мамлекетибизде өнүгүү болсун", - дейт Жылкыбаев.
Узарбек Жылкыбаевке эртең менен байланышканыбызда кызматтан кетүү тууралуу азырынча эч нерсе айта албай турганын билдирген.
Ал 2018-жылдан бери өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
6

