super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министрлигине медицина тармагындагы адистерди келишимдик негизде ишке тартуу маселесин карап чыгуу тапшырмасы берилди

 

Саламаттыкты сактоо министрлигине күзүндө эпидемиологиялык кырдаал курчушу мүмкүн экени айтылып жатканына байланыштуу медицина тармагындагы адистерди келишимдик негизде ишке тартуу боюнча маселени карап чыгуу тапшырмасы берилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында бир катар актуалдуу маселелер талкууланып, Чүй облусундагы стационарларды керектүү жабдуулар, жеке коргонуучу каражаттар жана дары-дармек менен камсыздоо жагы каралды.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев билдиргендей, аймакта зарыл болгон медициналык каражаттардын үч айлык запасы бар.

Премьер-министр Кубатбек Боронов бардык облустардагы ооруканалардан тарта фельдшердик-акушердик пункттарга чейин керектүү каражаттардын запасы болуш керектигин белгиледи.

"Бул маселелер туруктуу негизде көзөмөлгө алынууга тийиш. Жетиштүү деңгээлде көзөмөлдөп каралбаганы, жоопкерчиликсиз мамиле кылуу жалпы ишке кедергисин тийгизет. Учурда медицина кызматкерлери жарандардын өмүрүн сактап калуу үчүн тынымсыз күрөшүүдө. Биздин негизги максат - коронавирус менен өпкөнүн сезгенишинен каза болгондордун санын максималдуу түрдө азайтуу жана өлүмгө жол бербөө. Ар бир бейтапка жекече мамиле кылууга тийиш", - деди өкмөт башчы.

Жыйындын жүрүшүндө курулуп жаткан жана аймактарда оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан ооруканаларда жабдуу маселеси талкууланды.

Премьер-министр бул медициналык жайларды кадрлар, дары-дармек жана тиешелүү жабдуулар менен толук камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Штабдын отурумунун соңунда бир катар тапшырмалар берилип, коомдук жайларда, базарларда жана транспортто санитардык көзөмөлдү күчөтүү милдеттендирилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: