super.kg logo
  Саясат  

Мамлекет башчы: "Парламенттик шайлоо өткөн соң административдик-территориалдык реформага киришебиз"

 

"Парламенттик шайлоо өткөн соң административдик-территориалдык реформага киришебиз", - деп бүгүн, 8-августта президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" маек берип жатып билдирди.

"Жеке сектор да, ишкер чөйрө да, мамлекеттик органдар да өз ишин өзгөртсө болот жана өзгөртүшү керек экендиги айкын болду. Мурун эле менин ойлорум бар эле, ошол ойлорумду ушул кырдаал бекемдеди. Бул - мезгилдин талабы. Бул - муктаждык. Албетте, биздин мамлекет дагы ошондой реформа жасай турган кадамдарга барат. Буга чейин деле өлкөдөгү административдик-территориалдык реформа боюнча өтө көп айтылып келген болчу. Буюрса болот. Буга биз даярбыз. Ар кандай шарт менен болбой келди.

Бирок алдыдагы парламенттик шайлоо өткөн соң ошол реформага киришебиз жана аягына чыгабыз.

Ошондо бир топ бири-бирин кайталаган мамлекеттик органдар жоюлуп, өзгөрүүлөр жана кыскартуу да болот. Мамлекеттик системдин ыкчам иштөөсүнө, бюрократияны азайтып, маселени тез чечкенге өбөлгө түзүлөт", - деп билдирди президент.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: