super.kg logo
  Саясат  

Президент: "Кырдаал турукташкандан кийин саламаттыкты сактоо системин реформалоо боюнча карайбыз"

 

"Кырдаал турукташкандан кийин саламаттыкты сактоо системин реформалоо боюнча карайбыз", - деп бүгүн, 8-августта президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" маек берип жатып билдирди.

"Мындай оор мезгилде дарыгерлерибиз каармандык менен иштешти, азыр да иштеп жатышат. Жаш кадрлар токтобой, аларга шарт түзүлбөй жатат деген маселени коюшту.Чынында 5000-7000 сом алган дарыгерлерге сүйлөш деле оңой эмес, кыйын экен. Аларга деле кыйын. Бул көп жылдан бери топтолуп келген маселе. Бул маселени бир жылда чече койбойбуз. Бирок биздин максатыбыз - айлыкты көтөрүү, медициналык кызматты жакшыртуу.

Бир жарым жылдан бери Коопсуздук кеңешинин күн тартибинде саламаттыкты сактоо тармагын карап, реформалоо боюнча маселени алып чыгып даярдап койдук эле, март айында карамакпыз. Илдет башталгандан тартып, токтоп калды. Эми буюрса алар иштеп жатышат. Коопсуздук кеңешинин алдында дагы бир кошумча жумушчу топ түзүп, кырдаал турукташкандан кийин саламаттыкты сактоо системин реформалоо боюнча карайбыз. Саламаттыкты сактоо тармагын сөзсүз оңдойбуз", - деди президент.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: