ӨКМ: "Бийик тоолордогу көлдөрдүн кооптуулугу изилденүүдө"




Бийик тоолордогу көлдөрдүн кооптуулугу изилденүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун буйругунун негизинде жана бийик тоолуу көлдөрдүн жырылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында, 4-августтан баштап Кыргызгидрометтин жана ӨКМнын кызматкерлери менен биргеликте Чүй жана Ош облусу боюнча жырылып кетүү коркунучу бар көлдөргө изилдөө иштери жүзгүзүлүүдө.
Бүгүнкү күндө Чүй облусунун Сокулук району боюнча 4 көл, Панфилов району боюнча 3 көл жана Ош облусунун Ноокат району боюнча 5 көл изилденди. Нөлдүк изотерма бүгүнкү күндө деңиз деңгээлинен 4 миң 148 метр бийиктикте болууда. Быйыл нөлдүк изотерманын төмөн болгондугуна байланыштуу көлдөрдөгү суунун деңгээли былтыркыга салыштырмалуу төмөнүрөөк жана азыркы учурда изилденген жырылып кетүү коркунучу бар көлдөрдүн абалы стабилдүү", - деп жазылат маалыматта.



1 |