super.kg logo
  Саясат  

"Биз инфекциянын экинчи толкунуна даяр болуу үчүн чараларды көрүп жатабыз" дейт мамлекет башчы

 

"Биз алдын ала айтылып жаткан инфекциянын экинчи толкунуна даяр болуу үчүн чараларды көрүп жатабыз", - деп президент Сооронбай Жээнбеков "Биринчи радиого" берген маегинде.

Мамлекет башчы аймактардагы ооруканаларды кошумча орундар менен камсыз кылуу боюнча өкмөт менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берди.

Өкмөттүн маалыматы боюнча азыркы учурда жалпысынан 12 объектиде жумуш жүрүп жатат. Аймактарда жайгашкан 9 оорукана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. "Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы бул оору качан оңолот, качан токтойт, биз дагы айта албайбыз деп ачык айтты. Вакцина чыкканда деле баары бир бул оорунун ар кандай таркалышына даяр болушубуз керек. Ар кандай реформалар жана программаларды түзүшүп, алардын негизинде көп орундар жоюлуп, жакшы ооруканалар, имараттар жабылып калган. Алар 15-20 жылдан бери иштебей турат. Биз бул имараттарды калктын кызыкчылыгына кызмат кылгандай кылып, капиталдык ремонттон өткөрөбүз. Мунун жыйынтыгы менен жалпы республика боюнча бейтаптар үчүн миңден ашуун орундар түзүлөт", - деди президент.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: