Вице-премьер клиникалык ординатуранын абалы жана өнүгүү маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү







Вице-премьер-министр Аида Исмаилова клиникалык ординатуранын абалы жана өнүгүү маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Кеңешмеге Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын проректору Андрей Сопуев, Кыргыз-Орус Славян университетинин медицина факультетинин деканы Анэс Зарифьян, Билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыканов ошондой эле ординаторлор катышты.
Жыйындын соңунда үй-бүлөлүк медицина факультетин түзүүнүн, ЖОЖдордогу медицина факультеттеринин бүтүрүүчүлөрүнүн ишке орношуусуна талдоо жүргүзүүнү, клиникалык ординатураларда кошумча 250 орун түзүүнүн максаттуулугун карап чыгуу тапшырмасы берилди.
Билим берүү жана илим министрлигине, ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигине абитуриенттерге бюджеттик орундарга тапшыргандар окууну бүткөндөн кийин аймактарда иштеп келүү керектигин жеткирүү тапшырмасы берилди.
Мындан тышкары тиешелүү мамлекеттик органдарга клиникалык ординатурада билим алуунун мөөнөтү кайра каралып чыга турган өкмөттүн токтом долбоорун киргизүү тапшырылды.
