Салык кызматы сентябрга чейин транспорт, кыймылсыз мүлк жана жер салыктарын төлөө зарылдыгын эскертти
Салык кызматы сентябрга чейин транспорт, кыймылсыз мүлк жана жер салыктарын төлөө зарылдыгын эскертти. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.
"1-сентябрга чейин транспорт салыгын, 2-сентябрга чейин – турак үй, батир (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган) жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу-чарба жер участоктору) төлөө зарылдыгын Мамлекеттик салык кызматы эскертет. Жарандар салык органына барбастан, өзү үчүн ыңгайлуу салыктын төлөө ыкмасын тандап алса болот. Салыктарды бардык банктардын кассаларынан, почта бөлүмүнөн, ошондой эле терминал жана POS-терминалдар, мобилдик жана интернет банкинг, төлөм карталары аркылуу төлөөгө болот", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:32
2025-07-28
Рейтинг:
-1

Эгер салыктар толонбой штрафтар келсе,элдин бийликке болгон нааразычылыгы кучойт менимче.
Жлдин чонтогун,каржы булактардан тушо турган кирешелерди гана андып тургандан башка эч бир жумуш жасаган жоксунар акмактар.
Электр энергияга 2.16 сомдон тологонубуз дагы кымбат.