super.kg logo

"Лукашенко кетсин!”. Беларуста президенттик шайлоо өттү

 

Кечээ, 9-августта Беларуста көптөн күткөн президенттик шайлоо өттү.

Беларусь өлкөсүнүн тарыхында буга чейин өткөн эң курч мүнөздөгү шайлоо болуп калды.

Дагы бир кызматтык мөөнөткө калууну көздөп жаткан президент Александр Лукашенкого каршы шайлоо нааразычылык акциясы менен коштолду. Анда акцияга чыккандар “Алаксендр Лукашенко кетсин!” деген плакаттарды көтөрүп, ызы-чуу салышты.

Буга чейин эле Светлана Тихановскаяны 26 жылдан бери бийликте турган президенттин башкы атаандашы деп айтып келишкен.

Шайлоонун жүрүшүн чагылдырып жаткан журналисттер акцияга чыккандар менен ОМОНдордун кагылышуусу болгонун, жаракат алган адамдар бар экенин жазышууда. Анда атайын полициялар көздөн жаш агызуучу ок колдонуп, кулак тундурган граната жардырып, элди таратуу аракетин көрүшкөн. Интернетке тараган видеолордон өрт өчүрүүчү автоунааны да көрүүгө болот.

Бирок ага карабай элди таратуу кыйын болгон.

Ал эми шайлоо учурунда Орусиялык журналисттер аккредитациясыз иштешкендиги үчүн кармалганы маалымдалууда.

Ал эми шайлоонун жыйынтыгы азырынча так айтыла элек. Беларуста улуттук экзит-пол учурдагы мамлекет башчы Александр Лукашенко президенттик шайлоодо жеңгенин көрсөтүп жатканын кабарлап жатат.

Белгилей кетсек Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы азыркы президент Александр Лукашенко баштаган Светлана Тихановская, Андрей Дмитриев, Анна Канопацкая, Сергей Черечендерди каттаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
10.08.2020. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Шайлоосу менен жерге кирсин ортодо карапайым эл эле жабыр тартат таза шайлоо болбойт экен го.Бийликти кантип башкага берип койсун булар деле биздикилерге окшош
10.08.2020. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ревалюция эч нерсени озгортпойт буларга биз мисал боло алабыз 2 ревалюциянын жыйынтыгы.
10.08.2020. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бакиевдин досу
10.08.2020. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акысы деле калбады окшойт эле сыйы менен кете бербейби десен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: