Көк бөрү боюнча Азия чемпиондугу: Кыргызстан 2-орунга ээ болду
Финалдык беттеш башталууда
Финалдык беттеш башталууда
Кыргызстан жана Казакстан курама командалары
1-орунга болгон ат салышуу
1-орунга болгон ат салышуу
Кыргызстандын курама командасы 2-орунга ээ болду
15-сентябрда Казакстандын Астана шаарында көк бөрү боюнча Азия чемпиондугунун финалы өтүп, Кыргызстандын курама командасы 2-орунду ээледи. Кыргызстан менен Казакстандын командалары беттешип, жыйынтыгында Казакстан Кыргызстанды 4:2 эсебинде утуп, жеңүүчү аталды. Тажикстан Кытайды 3:0 эсебинде утуп, 3-орунга ээ болду. Айта кетсек, 1-орун үчүн 75 миң доллар, 2-орунга 45 миң доллар, ал эми 3-орунга 35 миң доллар сайылды. Эске сала кетсек, чемпиондук 10-15-сентябрь күндөрү болуп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Тажикстан, Түркия, Монголия жана Кытай курама командалары катышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
8:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















жакында КЗда эле болгондо 1-2 оорунду кыргыздардын командасы ээлеген, 3 чу казактар...
ушунча барганданын кийин финалды да жакшы ойносо болмок.
Сунушуңуз эсте болот. Рахмат!