super.kg logo

Бишкекте өзбекстандык журналист кармалды

 

Кечээ, 9-августта Кыргыз өлкөсүнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевди Бишкектеги кафелердин биринен кармады.

Бул тууралуу маалымат булактары журналисттин жактоочусу Тимура Карабаевге шилтеме берип жазып жатышат.

Жактоочунуну маалыматына ылайык, коңшу мамлекеттин жараны өзбек бийлигинин өтүнүчү боюнча кармалган.

Бобомурод Абдуллаев Кыргыз өлкөсүнө Борбордук Азиядагы Америка университетинин чакыруусу менен төрт айлык окуудан өтүү үчүн келген. Ал окууну аяктагандан кийин, коронавирус пандемиясына байланыштуу мамлекеттик чек аралар жабылгандыктан, өлкөсүнө уча албай калган.

Жактоочунун айтымында, бүгүн 10-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда журналисттин кармалышынын мыйзамдуулугу каралат.

Бобомурод Абдуллаев "Өзбекстандагы конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө чакырган макалаларды жарыялаган" деген шек менен 2017-жылы 27-сентябрда Ташкентте атайын кызмат тарабынан кармалган. 2018-жылы май айында сот аны шарттуу түрдө бир жарым жылга кесип, сот залынан бошоткон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
10.08.2020. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бишкекте толтура Өзбекстан жарандары иштеп жүрүшөт
10.08.2020. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nuri1988Elim2010,баары журналистерби?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: