super.kg logo

УКМК өзбекстандык журналисттин Бишкектен кармалгандыгы боюнча маалымат берди

 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бүгүн, 10-августта өзбекстандык журналист Бобомурод Абдуллаевдин кармалышы тууралуу маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, Абдуллаев Өзбекстан Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан бир катар кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн.

"2020-жылдын 8-августунда Кыргыз өлкөсүнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине 1993-жылдагы үй-бүлөлүк жана кылмыш иши боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер тууралуу Минск Конвенциясынын алкагында, Өзбекстан Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан бир катар кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн, 1973-жылы туулган А.Б. аттуу жаран кармалды. Азыркы тапта кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген.

Учурда Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ага карата баш коргоо чарасын тандоо жана Өзбекстан Республикасынын компетенттүү органдарына өткөрүп берүү маселелерин карап жатат", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: