super.kg logo

"Ай-ай, эзилип бүттүм" аттуу ырдын автору: Сүйлөшкөн кызым менен таарынышып кеткенде жазгам

 

“Эзилип бүттүм” ыры акыркы учурдагы популярдуу чыгармалардын катарын толуктады. Аталган ыр далай жаш таланттардын багын ачты десек дагы жаңылбайбыз. Бул чыгарма акыркы убакта элдик таланттардан тарта белгилүү шоу ырчыларына чейин сүймөнчүккө айланып, ырдалып, угулуп жүрөт. Мындан улам SUPER.KG порталы бул ырдын текстинин, обонунун автору Бекжан Темирханов менен байланышып, ырдын жаралуу тарыхы тууралуу сурап, кыска маек алды.

- Саламатсызбы Бекжан. Ден соолугуңуз жакшыбы?

- Саламатсыздарбы, чоң рахмат, баары жакшы.

- Алгач эле өзүңүз жөнүндө айта кетсеңиз?

- Мен Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кызыл-Жар деген айылынан болом. 1996-жылы төрөлгөм. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын эң улуусумун. Азыркы учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство университетинде 3-курста окуйм.

- "Эзилип бүттүм" ыры далай жаш таланттын багын ачты көрүнөт, ыр кандайча жаралып калды эле?

- Ооба, буюрса көп таланттар ырдап жатышат, чыгарма ийгиликтүү болду (күлүп). Ал эми ырдын жаралуу тарыхына токтоло турган болсом, мындан 3 жыл мурун сүйлөшкөн кызым менен таарынышып кеткенбиз. Экөөбүз эки ажырым жолго түшкөндө, кайгыдан улам жаралган чыгарма десем болот. Баягы адам менен таарынышып кеткенде жакшы жактарын көп эстейсиң го, көп ойлонуп жүрүп ошондон улам жазылган. Анан эми убакыт, сааты быйыл келип, 3 жылдан соң чыгып отурат.

- Чыгармачылыкка белди бекем бууп киришкен окшойсуз, учурда кандай иштер менен алек болуудасыз?

- Быйыл буюрса Талант Сагынбаев аттуу кыйын продюссер менен иштешип жатам. Учурда клип тартып, жаңы чыгармалардын үстүндө иштеп жатабыз. Буга чейин карантин дагы бир аз кесепетин тийгизди окшойт, иштерибиз жай жүрүп калды. Алдыда жакшы максаттар бар, четинен ишке ашыруудабыз.

- Буга чейин дагы ыр жазып, обон чыгарып жүрсөңүз керек?

- Ооба, буга чейин “Карындаш”, “ Периштем” аттуу чыгармаларга обон жазып, элге тартуулагам. Буюрса алдыда дагы чыгарабыз.

- Аталган ырдан кийин сизге колдоо көрсөтөм деген инсандар болдубу?

- Колдоо көрсөтөм деген инсандар мен шишкебек бышырып жатып ырдаган видеом тарагандан баштап боло баштады. Аны мен ырдап жатканда дос балам тартып алып, өзүнүн Инстаграм баракчасына жайгаштырып коюптур, ыр ошентип тарап кеткен. Колдоо көрсөтөм деген чет жактан дагы эже, байкелер болду. Балким, келечекте иштешип калабыз. Азыр болсо продюссер анан менеджер менен гана иштешип, каржылык жагын дагы алар чечип жатышат.

-Толкунбек Курманбеков кандайча ырдап калган сиздин ырды? Достугуңар жөнүндө айта кетсеңиз.

- Мен Толкунбек деген инимди ушул ыр аркылуу тааныдым. Ал ырдагандан кийин мага интернеттен жазып, сүйлөштүк. Таланттуу, түшүнүктүү бала экен. Ал иним Москвада жүргөнгөбү элдин баары мени да чет жерде деп ойлошот экен. Биз болсо бул жакта элебиз (күлүп).

Маегиңизге рахмат! Иштериңизге ийгилик!

Сиздерге дагы чоң рахмат!

SUPER.KG порталы буга чейин "Ай-ай, эзилип бүттүм" деп "Москва-Ситиде" ырдаган кыргыз жигит Толкунбек Курманбеков менен маектешкен.






"Ай-ай, эзилип бүттүм" аттуу ырдын автору: “Сүйлөшкөн кызым менен таарынышып кеткенде жазгам” дейт ал.

10:08:2020. Соңку маанилүү кабарлар топтому

Автор: Айсалкын Качкынбекова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
10.08.2020. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Автору ушул балабы шишкебек бышырган?
10.08.2020. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
rysik79, ооба, ушул экен.
10.08.2020. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Молодец, шишкебек бышырып жакшы ырдаптыр деп коём, көрсө атор өзү турбайбы.
10.08.2020. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Москва ситиде ырдаган балага караганда автор өзү ырдаганы жакшы.
10.08.2020. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Суйлошкон кызын шишкебек кылып жатабы ошондо.
10.08.2020. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бийи да жарашып калат экен озуно. Молодец ийгилик!
10.08.2020. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Автор озу жакшы аткарат экен
10.08.2020. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-17
Озунчо эле "жылдызча"го.Айланайын акырын,озунду карман чачырап кетпе.Сахнага чыкса секрип олот го.Обу жок дагы бир ырчы сымал бироо экен да,аман бол.Ушундай ойсондогондор же бар же жок болчу эле....
10.08.2020. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Guliza85, Жаныдан осуп келе жаткан жаш бала экен, жон эле ийгилик каалап койбойлубу эжеке?! Мумкун эртен дуйнону багынткан ырчы болоттур...
10.08.2020. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Guliza85,ичинерде ИТ олуп калыптыр
10.08.2020. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Guliza85, ушундай кара ниет адамдардын колунан
Эч нерсе келбей эле оозун толтуруп дооруй берет
10.08.2020. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Даа ушул жигити да короалбай жаткандарга танкалам!!! Соонун аткарган мен он жолу кордумго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: