Ысык-Көлгө эс алуу үчүн дарыгерлердин кезектеги тобу жөнөп кетти
Коронавирус инфециясына каршы күрөшкөн дарыгерлердин кезектеги тобу Ысык-Көл облусуна эс алуу үчүн жөнөп кетишти. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Бишкек шарындагы ооруканаларда иштеген 182 медицина кызматкери Ысык-Көл облусундагы "Алтын Жай" пансионатына реабилитациялык өргүүгө кетишти. Алар жети күн эс алып, ден соолугун калыбына келтиришет.
Саламаттыкты сактоо министрлиги өкмөт COVID-19 жана пневмония менен жабыркаган, инфекция очокторунда иштеген медицина кызматкерлеринин ден соолугун калыбына келтирүү максатында Ысык-Көлдөгү пансионаттарга эс алуу уюштуруп жаткандыгын эскертти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
Paol
10.08.2020. 14:43
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн сонун,барып от души эс алып келгиле!Вы это заслужили
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















