Токмок шаарында "38 жаштагы айымды зордуктаган" деп шектелип бир жаран кармалды
Токмок шаарында "38 жаштагы айымды зордуктаган" деп шектелип бир жаран кармалды. Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарынын 38 жаштагы Т.А. аттуу тургуну бирөө күч колдонуп зордуктагандыгы тууралуу арызы менен кайрылган. Буга карата “зордуктоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Иликтөөлөрдүн натыйжасында 12-сентябрда Чыгыш автобекетинде арыз ээси унаа күтүп турганда бир жаран үйүнө жеткирип коюу сунушун айтат. Бирок айымды үйүнө жеткирбестен Токмок шаарына алып кетип, зордуктаган. Кылмышка шектелип 29 жаштагы Ж.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:57
2025-10-01

22:19
2025-09-30
18:19
2025-09-30
15:55
2025-09-30
15:16
2025-09-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.