Оор жана өтө оор кылмыштардын саны кыскарган. ИИМдин акыркы 6 айынын жыйынтыгы айтылды



Бүгүн, 10-август күнү Ички иштер органдарынын 2020-жылдын 6 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиянын отуруму онлайн режиминде өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Коллегияга Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, ички иштер министринин орун басарлары, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын кызматтарынын башчылары, облустук, шаардык ички иштер башкы башкармалыктардын жана айрым бир райондук шаардык бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.
Ушул жылдын 6 айында республика боюнча ички иштер органдарында 63 миң 97 кылмыш жана жорук катталып, жалпы кылмыштуулук 14,7 пайызга кыскарган.
Ички иштер органдарында жалпы 32 миң 584 кылмыш катталган. Алардын 50 пайызынын бети ачылып, 6 миң 203 сотко жөнөтүлгөн. Ошондой эле ички иштер органдарында жалпы 30 миң 513 жорук катталган.
Оор жана өтө оор кылмыштардын саны кыскарган, ошондой эле коомдук жайларда да кылмыш кескин түрдө кыскарган.
Статистикалык комитеттин жакын арадагы маалыматы боюнча, ички иштер органдарына болгон ишеним көрсөткүчү 2020-жылдын биринчи жарым жылдык жыйынтыгы боюнча 32,0 баллды түзүп, 16,9 баллга жогорулаган.
