super.kg logo

Гонконгдо белгилүү ишкер, "Apple Daily" гезитинин кожоюну Жимми Лай камакка алынды

 

Гонконгдо белгилүү ишкер, "Apple Daily" гезитинин кожоюну Жимми Лай кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, анын камалуусунун себеби Гонконгдогу улуттук коопсуздук тууралуу жаңы мыйзамдын алкагында "чет өлкөлүк күчтөр менен байланышта болгон" деген айып коюлууда. Белгилей кетсек, бүгүн полиция Лайды кармоо менен бирге анын башкы кеңсесинде тинтүү иштерин жүргүздү.

71 жаштагы Лай Гонконгдогу демократиячыл кыймылдарды колдогон, Бээжиндин саясатын сынга алган таанымал ишмерлердин бири.

Ал эми Гонконгдогу "Журналисттерди коргоо комитети" мындай кадам басма сөз эркиндигин кысымга алгандай болуп калганын билдирип, бийликти Жимми Лайды бошотууга чакырды.

Эскерте кетсек, аталган жаңы мыйзам 1-июлдан тартып күчүнө кирген. Борбордук бийлик тийиштүү эрежени "аймактагы террорчулукка, козголоңго жана чет элдик кийлигишүүгө каршы" деп түшүндүрмө берген. Мындай берене менен соттолгондор 10 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: