Бишкекке Екатеринбургдан Кыргыз жарандары учуп келди
Бүгүн, 10-августта Екатеринбургдан Бишкекке «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен 183 Кыргыз жараны кайтып келди, анын ичинде жаш балдар да бар. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Бул каттам менен Бишкекке Орусияда окуган студенттер, Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө курч муктаждыгы бар жарандар. Екатеринбург, Челябинск, Тюмен, Сургут, Надым, Курган жана Пермден келишкен. Каттамда ар кандай оорулары бар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, улуу курактагылар, кош бойлуу жана жаш балалуу аялдар, ошондой эле турмуштук оор шарттагы жарандар катталган.
Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округунун регион жана шаарларынан келген жарандардын жана кыргыз диаспоралык уюмдарынан келип түшкөн кайрылууларын эске алуу менен түзүлгөн.
Урал федералдык округундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын кайтып келүүсү жана мекенине кайтып келүүнү каалагандар боюнча иштер улантылат.
