Алай РИИБинин 31 жаштагы кызматкери Азамат Сыдыков мезгилсиз дүйнөдөн кайтты
Ош облусунун Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Азамат Сыдыков каза болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 9-август күнү 31 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Ал Алай РИИБинин милициянын криминалдык кызматынын ыйгарым укуктуу оперкызматкери болуп иштеп жаткан.
Маркум 1989-жылы 12-июлда Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндөгү Кызыл-Жар айылында төрөлгөн.
Ички иштер органдарынын катарына 2010-жылы ноябрь айында кабыл алынып, кесиптик ишин ОИИБинин кайгуул күзөт кызматынан баштаган.
Андан соӊ Ноокат, Кара-Суу РИИБинде жашы жете электер менен иштөө инспектору, милициянын айылдык тескөөчүсү кызматтарында иштеген.
Маркумдун артында бир уул, бир кызы калды.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана өздүк курамы маркумдун жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат.
0
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео
















