Социалдык тармактарда "Тез жардам" унааларын сатып алуу боюнча тарап жаткан видео тууралуу ӨКМнын жообу
Социалдык тармактарда "Тез жардам" унааларын сатып алуу боюнча тарап жаткан видео тууралуу ӨКМнын алдындагы долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн жообу. Маалыматты республикалык штабдан билдиришти.
Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы менен өкмөттүн ортосунда түзүлгөн каржылоо жөнүндө келишимде жана сатып алуулар долбоорунун планында колдонулган товарларды сатып алуу каралган эмес. Буга байланыштуу техникалык мүнөздөмөлөр жана тендердик документтердин талаптары жаңы "Тез жардам" унааларын сатып алуу үчүн даярдалган.
Дүйнөлүк банктын эрежесине ылайык – жаңы товарлары менен (унаанын ичиндеги жабдуулар) колдонулган товарды (автоунааны) сатып алууга тыюу салынат.
Колдонулган "Тез жардам" унааларын сатып алууда төмөнкү маселелерге туш болуу мүмкүн:
1) өндүрүүчү заводдор жана расмий дилерлер колдонулган унааны сатууга чыгарышпайт, башкача айтканда, бул категория тендерге катышмак эмес;
2) колдонулган унаалардын абалын баалоодогу кыйынчылыктарга байланыштуу чечим кабыл алуу процесси белгилүү бир кыйынчылыктарга туш болмок, мисалы: автоунаалардын техникалык абалын баалоо;
3) автоунаалар үчүн кепилдик шарттарын камсыз кылуу боюнча маселелер жаралмак.









1 |