super.kg logo

Беларустагы нааразычылык акциясынын экинчи түнү. Кагылыштан дагы бир адам каза болду

 

Нааразылык акция өтүп жаткан Беларустун борбор калаасында адам өлүмү катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 10-август күнү саат 23:00 чамасында Минск шаарында топтолгон эл кыймылды бууш үчүн тосмолорду коё баштаган. Аянтты тазалоо үчүн келген атайын бөлүктүн жоокерлери менен кагылышуу учурунда бир киши аларды көздөй жардыруучу затты ыргытууга аракет кылган. Бирок ал колдо жарылып, бир эркек киши алган жаракатынан улам көз жумгандыгы белгилүү болду.

Белгилей кетсек нааразылык акциялары 9-августта өткөн президенттик шайлоодон кийин башталган. Ушу тапта элдин толкундоолору өлкөнүн дээрлик бардык аймагына жайылды. Милиция нааразы болгондорду таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ менен кулак тундуруучу гранаталарды колдонууда.

Шайлоонун жыйынтыгында президент Александр Лукашенко бир топ айырма менен атаандаштарынан озуп, дагы беш жылга өлкө башчысы катары шайлангандыгы элдин нааразычылыгын жаратып, митигге чыгуусуна себеп болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: