super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстандыктар Германияда өтүүчү айыл чарба жарманкесине катышат

 
Кыргызстандыктар Германияда январь айында өтүүчү “Жашыл жума-2014” айыл чарба жарманкесине катышат. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, бул жарманкеге Кыргызстан 5 жылдан бери катышып келет. “Өткөн жарманкелердин жыйынтыгында Кыргызстандын балына, кыямына, төө буурчагына жана кургатылган жемиштерине талап чоң экени белгилүү болду”,- деп жазылган билдирүүдө. Ошондой эле бул иш-чарага 40 мамлекет катышары белгилүү болду. Фестивалдын алкагында ар түрдүү семинарлар, конференциялар өткөрүлмөкчү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: